1Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Дөөттүкү. Бир туугандардын чогуу жашаганы кандай жакшы, кандай сонун!
2Бул Арундун башына куюлуп, сакалына, кийиминин этегине аккан кымбат баалуу зайтун майы сыяктуу;
3бул Сион тоолоруна түшкөн Хермондун шүүдүрүмү сыяктуу, анткени Теңир ал жерде бата жана түбөлүк өмүр берген.