1Теңирди даңктагыла. Теңирдин үйүндө, Кудайыбыздын үйүнүн короосунда турган Теңирдин кулдары,
2Теңирдин ысымын мактагыла, мактагыла.
3Теңирди мактагыла, анткени Теңир жакшы. Анын ысымын мактап ырдагыла, анткени бул жагымдуу.
4Анткени Теңир Өзүнө Жакыпты тандап алды, Ысрайылды Өзүнө менчик эл кылып тандап алды.
5Мен Теңирдин улуу экенин, биздин Кудай-Теңирибиз бардык кудайлардан жогору экенин таанып билдим.
6Теңир асманда, жерде, деңизде, бардык түпкүрдө эмне кааласа, ошонун баарын жасайт.
7Жер кыйырынан булуттарды көтөрөт, жамгыр жаадырып, чагылганды жаратат, Өзүнүн сактоочу жайларынан шамал чыгарат.
8Ал мисирликтердин тунгучтарын, малынын төл башыларын кырып салган.
9Мисир, сенин ичиңде, фараонго жана анын бардык кулдарына каршы жышаандары менен кереметтерин көрсөткөн.
10Ал көптөгөн күчтүү падышаларды:
11Амор падышасы Сихонду, Башан падышасы Огду, Канаандын бардык падышачылыктарын жок кылган.
12Алардын жерлерин мураска, Өз эли Ысрайылга мураска берген.
13Теңирим! Сенин ысымың түбөлүктүү. Теңирим! Сен муундан муунга унутулбайсың.
14Анткени Теңир Өз элине болушат, Өзүнүн кулдарына ырайым кылат.
15Бутпарас элдердин жасалма кудайлары – күмүш жана алтын, адамдын колу менен жасалган нерселер.
16Алардын ооздору бар, бирок сүйлөбөйт; көздөрү бар, бирок көрбөйт.
17Алардын кулактары бар, бирок укпайт; алардын ооздорунан дем чыкпайт.
18Аларды жасагандар, алардан үмүт кылгандар ошолорго окшоп калышат.
19Ысрайыл тукуму! Теңирди даңкта! Арун тукуму! Теңирди даңкта!
20Леби тукуму! Теңирди даңкта! Теңирден корккондор! Теңирди даңктагыла!
21Сиондо, Иерусалимде жашаган Теңирге алкыш! Теңирди даңктагыла!