Забур 135:1-26 KYB2004 - Bible AI

1Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

2Кудайлардын Кудайын даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

3Бийлик кылуучулардын Теңирин даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

4Улуу кереметтерди жалгыз Өзү жасаган Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

5Ааламды акылмандык менен жараткан Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

6Жерди суу үстүнө орноткон Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

7Чырактарды жараткан Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

8Күндү башкарсын деп, Күндү жараткан Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

9Түндү башкарсын деп, айды жана жылдыздарды жараткан Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

10Мисирдин тунгучтарын кырган Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

11Ысрайылды Мисирден алып чыккан Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

12Сунулган колу, күчтүү билеги менен алып чыккан Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

13Кызыл деңизди экиге бөлгөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

14Ысрайыл элин деңиздин ортосунан алып өткөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

15Фараонду жана анын аскерлерин Кызыл деңизге чөктүргөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

16Өз элин чөл аркылуу алып өткөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

17Улуу падышаларды жазалаган Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

18Күчтүү падышаларды өлтүргөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

19Амор падышасы Сихонду өлтүргөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

20Башан падышасы Огду өлтүргөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

21Алардын жерин Өз элине мураска берген Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

22Алардын жерин Өз кулу Ысрайылга мураска берген Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

23Бизди кордолуп турганыбызда эстеген Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

24Бизди душмандарыбыздан куткарган Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

25Ар бир тирүү жанга азык берген Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

26Асман Кудайын даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>