Забур 136:1-9 KYB2004 - Bible AI

1Сионду эстегенде, Бабыл дарыяларынын жээгинде отуруп алып ыйладык.

2Ал жерде өскөн талдарга арфаларыбызды илдик.

3Ал жерде бизди туткунга алгандар бизден ыр талап кылышты, бизди кысымга алгандар биздин көңүл ачуубузду талап кылып: «Бизге Сиондун ырларынан ырдап бергиле», – дешти.

4Биз Теңирдин ырын бөтөн жерде кантип ырдайбыз?

5Иерусалим, эгерде сени унутуп койсом, анда мени оң колум унутсун.

6Иерусалим, эгерде сени эсимден чыгарып койсом, эгерде сени кубанычымдын туу чокусу кылбасам, анда тилим таңдайыма жабышып калсын.

7Теңир, Эдом уулдарынан өч ал. Иерусалимди талкалап жатышканда, алар: «Талкалагыла, аны пайдубалына чейин талкалагыла», – дешкен.

8Бабыл кызы, кыйраткыч! Сенин бизге кылгандарың үчүн өч алган адам бактылуу!

9Сенин наристелериңди ташка чапкан адам бактылуу!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>