Забур 137:1-8 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүкү. Мен Сени бүт жүрөгүм менен даңктайм, кудайлардын алдында Сага ырдайм.

2Ыйык ийбадатканаңдын алдында башымды ием, ырайымың үчүн, чындыгың үчүн Сенин ысымыңды даңктайм, анткени Сен Өз сөзүңдү Өзүңдүн бардык ысымдарыңдан жогору койдуң.

3Сени чакырган күнү мени угуп, жаныма сергектик бердиң.

4Теңирим, жер жүзүндөгү бардык падышалар Сенин оозуңдан чыккан сөздөрдү укканда, Сени даңкташат.

5Алар Теңирдин жолдору жөнүндө ырдашат, анткени Теңирдин даңкы зор.

6Теңир жогоруда болсо да, момунду көрүп турат, текеберди алыстан тааныйт.

7Эгерде башыма мүшкүл түшсө, Сен мени тирилтесиң, колуңду душмандарымдын каарына каршы сунасың, Сенин оң колуң мени сактап калат.

8Теңир мен үчүн бардыгын жүзөгө ашырат! Сенин ырайымың түбөлүктүү, Теңирим, Өз колдоруң кылган иштерди таштаба.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>