1Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру. Теңир! Сен мени сынадың, баарын билесиң.
2Сен менин качан отуруп, качан турарымды билесиң; Сен менин ойлорумду алыстан эле билесиң.
3Басып бара жатсам да, эс алып жатсам да, Сен мени курчап турасың, Сага менин бардык жолдорум белгилүү.
4Мен айта электе эле, Сен, Теңирим, айтар сөзүмдү толугу менен билесиң.
5Мени артымдан да, алдымдан да курчап турасың, менин үстүмө Өзүңдүн колуңду коёсуң.
6Бул билим мен үчүн таң каларлык, аны түшүнүү – мен үчүн кол жеткис бийиктик.
7Сенин Рухуңдан качып кайда барам, Сенин жүзүңдөн кайда качам?
8Асманга чыксам да, Сен ошол жердесиң; өлгөндөр жаткан жайга түшсөм да, Сен ошол жердесиң.
9Таңдын канатын алып, деңиздин кыйырына көчүп кетсем да,
10ошол жерде мени Сенин колуң жетелейт, мени Сенин оң колуң кармап турат.
11Эгерде мен: «Мүмкүн, мени караңгылык жашырып калар, менин тегерегимдеги жарык караңгы болуп калар», – десем да,
12караңгылык мени Сенден жашыра албайт, түн да күндөй жарык: жарык кандай болсо, караңгы да ошондой.
13Анткени менин ички мүчөлөрүмдү Сен жараткансың, Сен мени энемдин ичинде токугансың.
14Мен Сени даңктайм, анткени мен таң каларлык жаратылгам. Сенин иштериң керемет, аны менин жаным толук түшүнөт.
15Мен жашыруун жаратылып жатканда, курсактын тереңинде пайда болуп жатканда, менин сөөктөрүм Сенден жашыруун эмес болчу.
16Мен жаңыдан түйүлдүк боло баштаганда эле, Сен мени көргөнсүң. Мен төрөлө электе эле, мага белгиленген күндөрдүн бири да боло электе эле Сенин китебиңде баары жазылып коюлган.
17Кудайым, Сенин ойлоруң мен үчүн кандай баалуу, алардын саны кандай көп!
18Мен аларды санай турган болсом, алар кумдан да көп. Мен ойгонгондо да, Сени мененмин.
19Оо Кудайым, кудайсызды жок кылсаң кана! Кан ичкичтер, менден алыс кеткиле!
20Алар Сага каршы жаман сөздөрдү сүйлөп жатышат. Душмандарың Сенин ысымыңды куру бекер эле атап жатышат.
21Теңирим, Сени жек көргөндөрдү мен кантип жек көрбөйм, Сага каршы чыккандардан мен кантип жийиркенбейм?
22Аларды аябай жек көрөм, алар – мага душман.
23Кудайым, мени сынап, жүрөгүмдү бил; мени сынап, ойлорумду бил.
24Кара, мен коркунучтуу жолдо эмесминби, мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр.