1Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
2Оо Теңир, мени жаман адамдан куткар, мени кысымга алган адамдан сакта.
3Алар жүрөгүндө жамандык ойлоп, күн сайын согушууга даяр турушат.
4Тилдерин жыландай соймоңдотушат, ооздорунда жыландын уусу бар.
5Оо Теңир, мени кудайсыздын колунан сакта, кысымга алган адамдан сакта, алар мени жыкканы жатышат.
6Текеберлер мага жашыруун тузак тартып, сыйыртмак салышты, жолума тор жайышты, капкан коюшту.
7Мен Теңирге мындай дедим: «Сен менин Кудайымсың. Менин жалынган үнүмдү ук, Теңирим!»
8Теңир, Теңир, менин куткаруучу күчүм! Согушта Сен башымды калкаладың.
9Теңир, текеберленбеши үчүн, кудайсыздарды тилегине жеткирбе, алардын жаман ойлорун ишке ашырба.
10Мени курчагандардын ооздорунан чыккан жамандык өз баштарына тийсин.
11Аларга чок жаасын. Алар отко ыргытылсын, турбас болуп туңгуюкка ыргытылсын.
12Тили заар адам жер үстүндө тамыр жайбасын, кысым кылгандын кыянаттыгы өзүн өлүмгө тартып кетсин.
13Теңир эзилгендерге адил өкүм чыгарарын, жардыларга адилеттик кыларын билем.
14Адил адамдар Сенин ысымыңды даңкташат, адилет адамдар Сенин алдыңда жашашат.