1Дөөттүн забуру. Теңир! Ким Сенин турагыңда жашай алат? Ким Сенин ыйык тооңдо тура алат?
2Күнөөсүз жашаган, адилеттик кылган, жүрөгүндө чындыкты сүйлөгөн,
3ушак айтпаган, жакынына кыянаттык кылбаган, өз жакынын жамандаганды укпаган,
4Кудайдан баш тартканды жек көргөн, ал эми Кудайдан корккондорду сыйлаган, зыян тартып каларына карабай, берген антынан танбаган,
5күмүшүн үстөккө бербеген, айыпсызга каршы пара жебеген адам гана жашай алат. Ушундай адам гана эч качан мүдүрүлбөйт.