1Дөөттүн забуру. Теңир! Сени чакырам, мага тез кел. Сени чакырганымда, менин жалынган үнүмө кулак сал.
2Менин сыйынуум Сенин алдыңда фимиамдай болсун, жогору көтөргөн колдорум кечки курмандыктай болсун.
3Теңирим, менин оозума сакчы кой, оозумдун каалгасын кайтар.
4Мыйзамсыз иш кылган адамдар менен бирге жаман иштерге барбашым үчүн, жүрөгүмдүн жамандыкка бурулуусуна жол бербе, алардын чүйгүн тамактарынан даам татпайын.
5Мени адил адам жазаласын, бул – ырайым. Мени ашкерелесин, бул – менин башыма зыянын тийгизбеген эң жакшы зайтун майы. Мен жамандык кылгандарга каршы сыйынам.
6Аска-зоону аралап, издеп жүргөн алардын башчылары менин жагымдуу сөздөрүмдү угуп жатышат.
7Биздин сөөктөрүбүз майдаланган топурактай болуп, өлгөндөр жаткан жайдын оозунда чачылып жатат.
8Бирок менин көздөрүм Сенде, Теңирим, Теңирим. Сага таянам, менин жанымды өлүмгө кыя көрбө!
9Мыйзамсыздардын мага койгон тузагынан, жайган торлорунан сакта.
10Кудайсыздар өз торлоруна өздөрү түшсүн, ал эми мен түшпөй өтүп кетем.