1Дөөттүн үйрөтүүсү. Анын үңкүрдө жаткандагы сыйынуусу. Yнүмдү чыгарып, Теңирди чакырдым; үнүмдү чыгарып, Теңирге сыйындым.
2Анын алдына жалынуумду төктүм, Ага зар-муңумду ачтым.
3Рухум алсырап калганда, Сен менин жолумду билгенсиң. Алар мен жүргөн жолго торлорун жашыруун жайышты.
4Оң жагымды карасам, эч ким мени тааныбайт, мен үчүн баш калкалар жер жок, эч ким менин жаным үчүн кам көрбөйт.
5Теңир, мен Сени чакырдым, мен Сага мындай деп кайрылдым: «Сен менин баш калкалар жайымсың, тирүүлөр жашаган жерде менин үлүшүмсүң».
6Менин зар-муңума кулак сал, анткени мен аябай алсырап калдым. Мени куугунтукка алгандардан куткар, анткени алар менден күчтүүрөөк.
7Жанымды капастан чыгар, Сенин ысымыңды даңктайын. Мага жакшылык кылсаң, тегерегиме адил адамдар чогулат.