Забур 142:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн забуру. Теңир! Менин сыйынуумду ук, Өз ишенимдүүлүгүң боюнча менин жалынуума кулак сал, мага Өз адилеттигиң менен жооп бер.

2Өз кулуң менен соттошпо, анткени Сенин алдыңда бир да тирүү жан актала албайт.

3Душман мени аңдып жүрөт, өмүрүмдү жерге тепсеп, небак өлгөн кишидей караңгылыкта жашоого мажбур кылды.

4Ошондо ындыным өчүп калды, жүрөгүм сенейип катып калды.

5Байыркы күндөрдү эстеп, Сенин бардык иштериң жөнүндө ойлоном, колуңдун иштери жөнүндө ой жүгүртөм.

6Сага колумду сунам; сууга чаңкаган жердей болуп, жаным Сага тартылат.

7Мени тезирээк ук, Теңирим, рухум алсырап бара жатат. Менден жүзүңдү жашырба, көрдө жаткандарга окшоп калбайын.

8Сенин ырайымыңды эртерээк угайын, анткени мен Сага таянам. Мага жүрө турган жолумду көрсөт, анткени жанымды Сенин алдыңа алып келем.

9Теңирим, мени душмандарымдан куткар, Сага корголойм.

10Мага Өзүңдүн эркиңди аткарууну үйрөт, анткени Сен менин Кудайымсың. Сенин жакшы Рухуң мени чындык өкүм сүргөн жерге алып барсын.

11Теңирим, мени Өз ысымың үчүн тирилт, Өз чындыгың үчүн жанымды мүшкүлдөн куткар.

12Өз ырайымың менен душмандарымды жок кыл, жанымды жабыр тарттыргандардын баарын жок кыл, анткени мен Сенин кулуңмун.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>