1Дөөттүкү. Колумду согушка, муштумумду урушка үйрөткөн менин аска-зоомо – Теңирге даңк!
2Теңир менин ырайым кылуучум, чебим, таянычым, Куткаруучум, калканым, мен Ага таянам. Ал мага элимди баш ийдирет.
3Теңирим! Сен көңүл бургудай, адам баласы ким? Адам жөнүндө ойлонгудай, адам ким?
4Адам желдей, анын күндөрү өтүп кетчү көлөкөдөй.
5Теңирим! Асманыңды жантайтып, жерге түш. Тоолорго колуң тийсе, алар түтөп кетет.
6Чагылган чартылдатып, душмандарды туш-тушка чачырат. Өз жебелериңди жаадырып, аларды талкала.
7Жогорудан колуңду сунуп, мени куткар, мени чоң суулардан, бөтөн элдердин колунан сакта.
8Алардын ооздору жалганды сүйлөйт, алардын оң колу – жалгандыктын оң колу.
9Кудайым! Мен Сага жаңы ыр ырдап берем, мен Сага он кылдуу арфа чертип берем.
10Падышаларды куткарган, Өз кулу Дөөттү жалаңдаган кылычтан куткарган Сага ырдайм.
11Мени куткар, бөтөн элдердин колунан сакта, алардын ооздору жалганды сүйлөйт, алардын оң колу – жалгандыктын оң колу.
12Уулдарыбыз жаш чагында дүркүрөп өскөн өсүмдүктөй болсун, кыздарыбыз ак сарайлардагы чеберлик менен кооздолгон мамылардай болсун.
13Кампаларыбыз толуп, ар кандай дан мол болсун. Койлорубуз миңдеп, түмөндөп төлдөп, жайыттарда жайылып жүрсүн.
14Өгүздөрүбүз семиз болсун. Эч нерсе таланып-тонолбосун, уурдалбасын, көчөлөрүбүздө ый болбосун.
15Кайсы элде ушундай болсо, ошол эл бактылуу. Кайсы элдин Теңири Кудай болсо, ошол эл бактылуу.