Забур 144:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн даңктоосу. Өзүңдү даңазалайм, Теңирим, Кудайым, Падышам, Сенин ысымыңды түбөлүк даңктайм.

2Сени күн сайын даңктайм, Сенин ысымыңды түбөлүк мактайм.

3Теңир улуу жана мактоого татыктуу, Анын улуулугу акыл жеткис.

4Бир муун бир муунга Сенин иштериңди мактайт, Сенин күчүңдү жарыя кылат.

5Ал эми мен Сенин улуулугуң, улуу даңкың жана кереметтүү иштериң жөнүндө жар салам.

6Сенин коркунучтуу иштериңдин күчү жөнүндө айтышат, Сенин улуулугуң жөнүндө болсо мен жарыя кылам.

7Сенин кең пейилдигиңди унутпай жар салышат, Сенин адилеттигиңди даңктап ырдашат.

8Теңир кайрымдуу жана ырайымдуу, чыдамдуу жана абдан боорукер.

9Теңир бардык адамдарга жакшылык кылат, Өзү жараткандарынын бардыгына кайрымдуулук кылат.

10Теңирим, Сени Өзүңдүн бардык иштериң даңктасын, Сени Өзүңдүн ыйыктарың даңкташсын.

11Сенин падышачылыгыңдын даңкы жөнүндө жар салышсын, Сенин күчүң жөнүндө айтышсын.

12Адам баласы Сенин күчүңдү жана Сенин падышачылыгыңдын улуу даңкын билсин.

13Сенин падышачылыгың – түбөлүк падышачылык, Сенин бийлигиң муундан муунга.

14Теңир жыгылып бараткандарды сүйөйт, кулагандардын баарын тургузат.

15Бардыгы Сени карап, күтүп турушат; Сен аларга тамакты өз маалында бересиң.

16Колуңду ачып, кең пейилдигиң менен бардык тирүү жандарды тойгузасың.

17Теңир Өзүнүн бардык жолунда адилет, Өзүнүн бардык ишинде ишенимдүү.

18Теңир Өзүн чакыргандардын бардыгына жакын, Өзүн чын жүрөктөн чакыргандардын бардыгына жакын.

19Ал Өзүнөн корккондордун каалоосун аткарат, алардын зар-муңун угат, аларга жардам берет.

20Теңир Өзүн сүйгөндөрдүн баарын сактайт, ал эми кудайсыздардын баарын кырып жок кылат.

21Менин оозум Теңирди мактайт. Ар бир тирүү жан Анын ыйык ысымын түбөлүк даңктасын.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>