Забур 145:1-10 KYB2004 - Bible AI

1Теңирди даңктагыла. Жаным, Теңирди макта.

2Теңирди өмүрүм өткөнчө мактайм. Көзүм тирүү турганда, Кудайымды даңктап ырдайм.

3Төрөлөргө, адам баласына таянбагыла, алар жардам бере алышпайт.

4Анын руху чыгат, ошондо ал кайра топурак болуп калат. Ошол күнү анын ойлору ойрон болот.

5Жакыптын Кудайы жардам берүүчүсү болгон, үмүтү Кудай-Теңиринде болгон адам бактылуу.

6Ал – асман менен жерди, деңизди жана анын ичиндегилерди жараткан, ишенимдүүлүктү түбөлүккө сактаган,

7кор болгондорго адилеттик кылган, ачкаларга нан берген Кудай-Теңир. Теңир туткундарды бошотот.

8Теңир сокурлардын көзүн ачат, кулагандарды тургузат; Теңир адил адамдарды сүйөт.

9Теңир келгиндерди сактайт, жетим менен жесирге жардам берет, ал эми кудайсыздардын жолун бузат.

10Теңир түбөлүккө падышачылык кылат. Сион, сенин Кудайың түбөлүктүү. Теңирди даңктагыла!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>