1Теңирди мактагыла, анткени Кудайыбызды даңктап ырдаган жакшы, анткени бул жагымдуу. Ал даңкка татыктуу.
2Теңир Иерусалимди кайра курат, Ысрайылдын куугунтукталып жүргөн элин жыйнайт.
3Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат, аларды кайгысынан арылтат.
4Жылдыздардын санын эсептейт, алардын ар бирин атынан атайт.
5Теңирибиз улуу, Анын күчү зор, акылы чексиз.
6Момундарды Теңир жогору көтөрөт, ал эми кудайсыздарды жерге кулатат.
7Теңирди кезектешип мактап ырдагыла. Кудайга гусли чертип ырдагыла.
8Ал асманды булут менен жабат, жерге жамгыр жаадырат, тоолорго чөп өстүрөт.
9Малга, Өзүн чакырган карганын балапандарына тамак берет.
10Ал аттын күчүнө карабайт, адамдын күлүктүгүнө ыраазы болбойт.
11Теңир Өзүнөн корккондорго, Өзүнүн ырайымына үмүттөнгөндөргө ыраазы болот.