1Теңирди макта, Иерусалим; Кудайыңды макта, Сион.
2Анткени Ал сенин дарбазаларыңдын бекиткичтерин бекемдейт, сенин ичиңдеги уулдарыңа батасын берет.
3Сенин жериңе тынчтык орнотот. Сени дандуу буудайга тойгузат.
4Өз сөзүн жерге жөнөтөт. Анын сөзү тез тарайт.
5Жүнгө окшогон кар жаадырат, күлгө окшогон бубак себет.
6Өз мөндүрүн бүртүк-бүртүк кылып жаадырат, Анын аязына ким чыдай алат?
7Өз сөзүн жөнөткөндө, бардыгы эрийт. Шамалын айдаганда, суулар агат.
8Ал Өз сөзүн Жакыпка, Өз көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын Ысрайылга жарыя кылды.
9Ал башка эч бир элге мындай кылган жок, алар Анын мыйзамдарын билишпейт. Теңирди даңктагыла!