Забур 148:1-14 KYB2004 - Bible AI

1Теңирди даңктагыла. Теңирди асманда мактагыла, Аны бийикте мактагыла.

2Анын бардык периштелери, Аны мактагыла; Анын бардык кошуундары, Аны мактагыла.

3Күн менен ай, Аны мактагыла; жаркыраган бардык жылдыздар, Аны мактагыла.

4Асмандын асманы, асмандан жогору турган суулар, Аны мактагыла.

5Бардыгы Теңирдин ысымын макташсын, анткени Ал буйруганда, бардыгы жаралган.

6Аларды түбөлүккө койгон, эч качан бузулбай турган мыйзам берген.

7Жердегилер, зор балыктар, бардык туңгуюктар, Теңирди мактагыла.

8От жана мөндүр, кар жана туман, Анын сөзүн аткарган бороон,

9тоолор жана бардык адырлар, мөмөлүү дарактар жана бардык кедрлер,

10жырткычтар жана ар кандай мал, сойлоочулар жана канаттуу куштар,

11жер үстүндөгү падышалар жана бардык элдер, төрөлөр жана жер жүзүндөгү бардык башкаруучулар,

12жигиттер жана кыздар, карылар жана жаштар

13Теңирдин ысымын макташсын, анткени жалгыз Анын ысымы жогору, Анын даңкы асман менен жерден жогору.

14Ал Өз элинин мүйүзүн жогору көтөрдү, бардык ыйыктарынын, Ысрайыл уулдарынын, Өзүнө жакын турган элинин даңкын чыгарды. Теңирди даңктагыла!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>