1Теңирди даңктагыла. Теңирге жаңы ыр ырдагыла. Ал ыйыктардын жыйынында макталсын.
2Ысрайыл Өз Жаратуучусуна шаттансын. Сион уулдары Өз Падышасына кубансын.
3Анын ысымын бий бийлеп даңкташсын. Ага дап кагып, гусли чертип ырдашсын.
4Анткени Теңир Өз элине ыраазы, момундарды куткарып, даңкка бөлөйт.
5Ыйыктар даңкталып кубанышсын, өздөрүнүн төшөгүндө да ырдашсын.
6Кудайга арналган даңктоо сөздөр алардын оозунда болсун, эки миздүү кылыч колдорунда болсун.
7Элдерден өч алышсын, урууларды жазалашсын,
8алардын падышаларын туткундашсын, төрөлөрүн кишендешсин.
9Аларга жазылган өкүмдү жүзөгө ашырышсын. Бул – Анын бардык ыйыктары үчүн урмат. Теңирди даңктагыла!