Забур 15:1-11 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн ыры. Кудай, мени сактай көр, анткени Өзүңө таянам.

2Мен Теңирге мындай дедим: «Сен менин Теңиримсиң. Сага менин тартууларымдын кереги жок.

3Мен Сенин жер үстүндөгү ыйыктарыңа, атактууларыңа тартылам».

4Бөлөк кудайга кайрылгандардын кайгысы көбөйсүн. Мен алардын кандуу курмандыктарын чалбайм, алардын ысымдарын оозума албайм.

5Теңир менин үлүшүм, менин мурасым. Тагдырым Сенин колуңда.

6Мага жакшы үлүш тийди, мурасым өзүмө жагат.

7Мага кеңеш берген Теңиримди даңктайм. Атүгүл, түнкүсүн да жүрөгүм мага акыл үйрөтүп турат.

8Теңирди мен өзүмдүн алдымдан ар дайым көрүп турдум, Ал менин оң жагымда, мен олку-солку болбойм.

9Ошондуктан жүрөгүм кубанычка толуп, тилим шаттуу сүйлөп жатат. Атүгүл, денем да тынч алды.

10Анткени Сен менин жанымды өлгөндөр жаткан жайда калтырбайсың, Өз ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң.

11Сен мага өмүр жолун көрсөтөсүң. Сенин алдыңда – толук кубаныч, оң колуңда – түбөлүк жыргал.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>