Забур 150:1-6 KYB2004 - Bible AI

1Теңирди даңктагыла. Кудайды Өзүнүн ыйык жайында мактагыла, Аны Өзүнүн кудуреттүү асманында мактагыла.

2Аны керемет иштери үчүн мактагыла, Аны чексиз улуулугу үчүн мактагыла.

3Аны сурнай тартып мактагыла, Аны арфа жана гусли чертип мактагыла.

4Аны дап кагып, бий бийлеп мактагыла; Аны кыл аспап жана сыбызгы ойноп мактагыла.

5Аны мукам үндүү жез табак кагып мактагыла, Аны катуу үндүү жез табак кагып мактагыла.

6Теңирди бардык тирүү жандар макташсын! Теңирди даңктагыла!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>