Забур 16:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн сыйынуусу. Теңир, чындыкты ук да, зар-муңума кулак сал, калп айтпагандын оозунан чыккан жалынууга кулак төшө.

2Мага өкүмдү Сен чыгар, Сенин көздөрүң чындыкты көрсө экен.

3Сен менин жүрөгүмдү сынадың, мага түн ичинде келдиң, мени сынадың, бирок эч нерсе тапкан жоксуң. Оозум ойлорумдан четтеген жок.

4Бардык иш-аракетте Сенин сөзүң боюнча өзүмдү сактап, эзүүчүнүн жолун жолдогон жокмун.

5Менин кадамдарымды Өз жолдоруңда бекемде, буттарым оңго да, солго да бурулбасын.

6Мен Сени чакырып жатам, анткени Сен мени угасың, Кудайым. Мага кулак сал, сөзүмдү ук.

7Өзүңө таянгандарды Өзүңдүн оң колуңа каршы чыккандардан куткарган Кудай, Өзүңдүн кереметтүү ырайымыңды көрсөт.

8Мени көзүңдүн карегиндей сактай көр, канатыңдын астына калкалай көр.

9Мага кол салган кудайсыздардан, курчаган кас душмандарымдан калкала.

10Алардын жүрөгүн май басты, тилдери менен менменсинип сүйлөшөт.

11Азыр алар бизди кадам сайын курчашат; жерге кулатыш үчүн, алар бизден көзүн албайт.

12Алар жем издеген арстанга, жашыруун буктурмада отурган жырткычка окшош.

13Теңир, ордуңан тур, аларды тый, кыйрат, жанымды кудайсыздан Өз кылычың менен куткар.

14Теңир, мени бул адамдардан – бул дүйнөдө гана үлүшү бар, курсагын Сенин казыналарыңдан тойгузуп жүргөн бул дүйнөнүн адамдарынан Өз колуң менен куткара көр. Алардын уулдары ток, артканын өз балдарына калтырышат.

15Ал эми мен адилдигим менен Сенин жүзүңдү карайм. Ойгонгондо, Сенин бейнеңди көрүп, көзүм тоёт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>