Забур 17:1-51 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Теңир бардык душмандардын жана Шабулдун колунан куткарып алганда, Теңирдин кулу Дөөттүн Теңирге ырдаган ыры. Ошондо ал мындай деди:

2«Сени сүйөм, Теңирим, күч-кубатым менин!

3Теңир менин тирегим, баш паанам, куткаруучум; Кудайым менин аска-зоом. Мен Ага гана таянам. Ал менин калканым, куткаруучу мүйүзүм, таянычым».

4Табынууга татыктуу Теңирдин атын чакырып, душмандарымдан кутулам.

5Мени өлүм азаптары курчап алды, кыйынчылыктардын агымы үрөйүмдү учурду.

6Мага өлгөндөр жаткан жайдын чынжырлары салынды, өлүмдүн торуна чалындым.

7Мен кысталышта калганда, Теңиримди чакырдым, Кудайыма жалындым. Ал Өз турагынан менин үнүмдү укту, зар-муңум Анын кулагына жетти.

8Жер силкинип термелди, тоолордун негиздери ордунан козголду, анткени Кудай каарданды.

9Анын каарынан түтүн көтөрүлүп, оозунан баарын жалмай турган от чыкты, Андан күйүп жаткан чоктор чачырап жатты.

10Асманды эңкейтип, Ал жерге түштү, Анын бут астында караңгылык жатты.

11Ал керуптардын үстүнө отуруп, шамалдын канатында учуп жөнөдү.

12Караңгылыкты Өзүнө жабуу кылды, асмандагы булуттарды, кара булуттарды Өзүнүн тегерегине чатыр кылды.

13Анын алдындагы жарыктан Анын булуттары, мөндүр, кызыл чоктор качты.

14Асманда Теңир күркүрөдү, Бардыгынан Жогору Турган үн салды, мөндүр жана жалындаган чок жаады.

15Өзүнүн жебелерин тартып, аларды туш-тушка чачыратты; көп чагылган жиберип, аларды туш-тушка качырды.

16Теңирим, Сенин каардуу үнүңдөн, Сенин каарыңдын илебинен суу башаттары, ааламдын негизи ачылды.

17Ал асмандан колун сунуп, мени алды, мени чоң суулардан тартып чыгарды.

18Мени күчтүү душманымдан, менден күчтүү болгон жек көрүүчүлөрдөн куткарды.

19Алар мага башыма мүшкүл түшкөн күнү каршы чыгышты. Бирок Теңир мага жөлөк болду.

20Ал мени кең жерге алып чыкты, мени куткарды, анткени Ал мени жакшы көрөт.

21Теңир менин адилдигиме жараша, колумдун тазалагына жараша тиешемди берди.

22Анткени мен Теңирдин жолун сактадым, Кудайымдан четтеген эмесмин.

23Анткени Анын бардык мыйзамдары менин алдымда, Анын көрсөтмөлөрүнөн четтеген жокмун.

24Мен Кудай алдында таза элем, күнөө кылып албайын деп сактанчумун.

25Теңир Өзүнүн көз алдындагы адилдигиме жараша, колумдун тазалыгына жараша тиешемди берди.

26Боорукерге Сен боорукердик кыласың, адил адамга адилет мамиле кыласың.

27Тазаларга тазалыгына жараша мамиле кыласың, алдамчыга алдамчылыгына жараша мамиле кыласың.

28Анткени Сен эзилген адамдарды куткарасың, ал эми менменсинип карагандарды кемсинтесиң.

29Теңир, Сен менин шамымды күйгүзөсүң. Кудайым караңгымды жарык кылат.

30Мен Сени менен аскерлерди талкалайм, Кудайым менен чепти ашып түшөм.

31Кудай! Анын жолу таза, Теңирдин сөзү таза. Ал – Өзүнө таянгандардын баарына калкан.

32Теңирден башка Кудай барбы? Биздин Кудайдан башка Сактоочу барбы?

33Кудай мага күч берет, мага түз жол салат.

34Буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени бийик жерлериме чыгарат.

35Колумду согушка даярдайт, ошон үчүн колдорум жез жааны сындырат.

36Сен мага куткаруучу калканыңды бердиң, Сенин оң колуң мени колдоп турат, Сенин ырайымың мени жогору көтөрөт.

37Сен менин баса турган жолумду кеңейтесиң, ошондо тизелерим титиребейт.

38Душмандарымды кууп жетип, аларды жок кылмайынча, артка кайтпайм.

39Аларды талкалайм, алар тура албай калышат, менин бут алдыма жыгылышат.

40Анткени Сен мага согушканга күч бердиң, мага каршы көтөрүлгөндөрдү бут алдыма жыгып бердиң.

41Душмандарымды менин көз алдымда артка чегинттиң. Мени жек көргөндөрдү кыйратып жатам.

42Алар боздоп жатышат, бирок алардын куткарары жок. Теңирге жалынып жатышат, бирок Ал аларды укпайт.

43Аларды топурактай сапырып, көчөдөгү балчыктай тебеледим.

44Сен мени эл козголоңунан куткарып алып, бөтөн элдерге эл башчы кылдың. Өзүм тааныбаган эл мага кызмат кылып жатат.

45Алар мен жөнүндө угуп эле, мага баш ийишет. Бөтөн элдер менин алдымда жасакерленишет.

46Бөтөн элдер кумсарып, өздөрүнүн сепилдеринде титиреп отурушат.

47Теңир тирүү, менин тирегим даңкталсын! Мени куткарган Кудай даңазалансын!

48Мен үчүн өч алган, бөтөн элдерди багындырып берген Кудай,

49мени душмандарымдан куткарган Кудай даңкталсын! Мага каршы чыккандардын алдында Сен мени жогору көтөрдүң, мени катаал кишиден куткардың.

50Ошон үчүн, Теңир, Сени даңктайм, бөтөн элдердин арасында Сенин ысымыңды даңктап ырдайм.

51Падышаны улуу жеңиш менен куткарган, Өзүң майлаган Дөөткө жана анын укум-тукумуна түбөлүккө ырайым кылган Сени даңктап ырдайм.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>