Забур 18:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

2Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат.

3Күн күнгө сүйлөп, түн түнгө билим берет.

4Алардын үнүн укпаган бир да эл, бир да улут жок.

5Алардын үнү бүт жер жүзүн аралап өтөт, алардын сөзү аалам чегине жетет. Кудай алардын арасында күнгө турак жай тургузуп берди.

6Ал нике үйүнөн чыккан күйөөдөй болуп чыгат; өз жолун басып өткөн күлүктөй кубанат.

7Асмандын бир четинен чыгып, экинчи четине барат; анын жылуулугунан эч нерсе жашырынып кала албайт.

8Кудайдын мыйзамы жеткилең, ал жанга күч берет. Теңирдин сөздөрү туура, ал жөнөкөйлөрдү акылдуу кылат.

9Теңирдин буйруктары адилет, жүрөктү кубантат. Теңирдин осуяттары жарык, көздү ачат.

10Теңирден коркуу – таза нерсе, ал түбөлүктүү. Теңирдин өкүмдөрү адилет, бардыгы туура.

11Алар алтындан да, көп таза алтындан да баалуу; балдан да, эң таттуу балдын тамчысынан да ширин.

12Өз кулуңду ошолор сактап жүрөт. Аларды сактагандарга чоң сыйлык!

13Ким өзүнүн күнөөлөрүн көрө алат? Мени жашыруун күнөөлөрүмдөн арылт.

14Өз кулуңду атайлап күнөө кылуудан сакта, алар мага үстөмдүк кылышпасын. Ошондо мен күнөөсүз болом, көп кылмыштардан алыс болом.

15Оозумдан чыккан сөздөрүм менен жүрөгүмдөгү ойлорум Сага жага тургандай болсун, Теңирим, менин тирегим, Куткаруучум!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>