Забур 19:1-10 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

2Сен кайгырган күнү Теңир үнүңдү уксун, сени Жакыптын Кудайынын ысымы сактасын.

3Ал сага ыйык жайдан жардам, Сиондон күч-кубат жөнөтсүн.

4Чалган курмандыктарыңдын баарын эске алсын, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды майлуу курмандык катары кабыл алсын.

5Сага жүрөгүң каалаганды берсин, бүт тилегиңди аткарсын.

6Биз сенин куткарылганыңа кубанабыз, биздин Кудайыбыздын атынан туу көтөрөбүз. Теңир сенин сураганыңдын баарын берсин.

7Теңир Өзүнүн майланганын сактарын, Ага Өзүнүн ыйык асманынан Өзүнүн оң колунун куткаруучу күчү менен жооп берерин билдим.

8Бири майдан арабалары менен, бири күлүк аттары менен мактанат, биз болсо Теңирдин, Кудайыбыздын ысымы менен мактанабыз.

9Алар мүдүрүлүп жыгылышты, биз болсо турдук, бекем турабыз.

10Теңир! Падышаны сакта, Өзүңдү чакырганда, үнүбүздү уга көр.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>