Забур 2:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн забуру. Элдер эмне үчүн дүрбөлөңгө түшүп жатышат, уруулар эмне үчүн ишке ашпай турган нерсени ойлонуштуруп жатышат?

2Жер жүзүнүн падышалары каршы чыгып жатышат, төрөлөр чогулуп, Теңирге жана Анын Майланганына каршы кеңешип жатышат.

3Алар: «Алардын чынжырларын үзүп таштайбыз, алардын бизге салган кишендерин алып ыргытабыз», – деп жатышат.

4Аларга Асманда Жашоочу күлөт, аларды Теңир уят кылат.

5Ошондо Ал аларга ачуусу келип турганда айтат, Өзүнүн жаалы менен аларды дүрбөлөңгө түшүрөт.

6«Анткени Мен Өзүмдүн Падышамды ыйык тоом Сиондун үстүнөн койгом.

7Өзүмдүн эркимди алдын ала кабарлайм: Теңир Мага мындай деди: “Сен Менин Уулумсуң. Мен бүгүн Сенин атаң болдум.

8Менден сура, ошондо Мен Сага элдерди мураска берем, бүт жерди энчиңе берем.

9Сен аларды темир таяк менен талкалайсың, аларды карапачынын идишиндей сындырасың”».

10Ошондуктан, падышалар, акылыңарга келгиле. Жер жүзүнүн башкаруучулары, сабак алгыла!

11Теңирге коркунуч менен кызмат кылгыла, титирөө менен кубангыла.

12Уулун сыйлагыла, болбосо Ал каарданат, бара жаткан жолуңарда өлүп каласыңар, анткени жакында Анын каары кайнайт. Ага таянгандардын баары бактылуу.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>