Забур 20:1-14 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

2Теңир, падыша Сенин күчүң менен шаттанат, Сенин куткарганыңа чексиз кубанат.

3Сен ага жүрөгү каалаганды бердиң, анын оозунан чыккан өтүнүчтү четке каккан жоксуң.

4Анткени Сен ага ырайымың менен батаңды бердиң, башына таза алтындан таажы кийгиздиң.

5Ал Сенден өмүр сурады, Сен ага узун өмүр бердиң.

6Сен аны куткаргандыктан, ал даңкка бөлөндү. Урмат менен улуулукту Сен ага таажы кылып кийгиздиң.

7Сен ага түбөлүк батаңды берип, Өзүңдүн кубанычың менен анын көңүлүн көтөрдүң.

8Анткени падыша Теңирге таянат, ал Бардыгынан Жогору Тургандын ырайымы менен бекем турат.

9Сенин колуң бардык душмандарыңды талкалайт, оң колуң Сени жек көргөндөрдү кыйратат.

10Каарың кайнаганда, Сен аларды күйүп жаткан мештей кыласың. Теңир каарданганда, аларды кыйратат, аларды от өрттөп кетет.

11Сен алардын тукумун жер бетинен, уругун адам баласынын арасынан жок кыласың.

12Анткени алар Сага жамандык кылабыз деп чечим чыгарышты, бирок ишке ашыра алышкан жок.

13Сен аларды бута кылып коёсуң, Өзүңдүн жааңдын жебелери менен аларды бетке атасың.

14Теңир, Өзүңдүн күчүң менен көкөлө! Биз Сенин кудуретиңди даңктап ырдайбыз.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>