1Ырчылар тобунун башчысына. Таң атарда ырдоо үчүн. Дөөттүн забуру.
2Кудайым! Кудайым! Сен мени эмнеге таштап койдуң? Менин куткаруу сурап боздогон үнүм Сага жетпей жатат.
3Кудайым! Күндүз жалынсам да, Сенден мага жооп жок, түндө жалынсам да тынчтана албайм.
4Бирок Сен, Ыйык, Ысрайылдын даңктоо ырларынын арасында жашайсың.
5Биздин ата-бабаларыбыз Сага таянышкан, алар Сага таянышкандыктан, Сен аларды куткарып тургансың.
6Алар Сени чакырышкан, ошон үчүн куткарылышкан. Алар Сага таянышкан, ошон үчүн уятка калышкан эмес.
7Мен болсо адам эмес эле, курт болуп калдым. Адамдарга шылдың, элдерге жек көрүндү болдум.
8Мени карап тургандар баштарын чайкап, мындай деп шылдыңдап жатышат:
9«Ал Теңирге таянчу, Теңир аны куткарып алсын. Эгер ал Теңирге жакса, анда аны куткарып алсын».
10Бирок Сен мени энемдин курсагынан чыгаргансың, эмчектеги кезимде эле Өзүңө таянууну үйрөткөнсүң.
11Энемдин ичинде жаткандан тартып эле, Сага тапшырылганмын, энемдин ичинен чыкканда эле, Сен менин Кудайым болчусуң.
12Менден алыстаба, анткени кайгы жакын, анткени жардам берүүчү жок.
13Көп букалар мени тегеректеп алышты, Башандын семиз өгүздөрү мени курчап алышты.
14Алар мага олжосуна жулунуп айкырган арстандай ооздорун ачышты.
15Мен суудай төгүлдүм, сөөктөрүм чачырап кетти, жүрөгүм момдой эриди.
16Күч-кубатым карападай кургады, тилим таңдайыма жабышты, Сен мени өлүм топурагына түшүрдүң.
17Анткени мени дөбөттөр курчап алышты, эки жүздүүлөрдүн тобу мени тегеректеп алышты, колу-бутумду тешишти.
18Менин бардык сөөктөрүм саналгыдай. Алар болсо мени карап, тамаша кылып жатышат.
19Чапанымды өз ара бөлүп алып жатышат, кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытып жатышат.
20Бирок, Теңирим, Сен менден алыстаба. Менин күч-кубатым, мага жардам бергенге шашыл.
21Жанымды кылычтан, өмүрүмдү дөбөттөрдөн сактап кал.
22Мени арстандын оозунан куткар, Сен мени уктуң. Буйволдун мүйүзүнөн куткар.
23Сенин ысымыңды бир туугандарыма айтып даңктаймын, элдин арасында бир Өзүңдү мактаймын.
24Кудайдан корккондор! Аны мактагыла. Жакыптын бүт тукуму! Аны даңкта! Ысрайылдын бүт тукуму Анын алдында коркуп турсун!
25Анткени Ал азап тарткандын кайгысына назар салбай койгон жок, аны эсине албай койгон жок. Андан Өз жүзүн жашырган жок, ал Аны чакырганда, аны укту.
26Чоң жыйында Сени даңктайм. Сенден корккондордун алдында Сага берген убадаларымды аткарам.
27Жардылар жесин, тойсун. Теңирди издегендер Аны даңкташсын, жүрөгүңөр түбөлүк жашасын!
28Теңирди эстеп, бүт жер жүзү Ага кайрылат. Бардык бутпарас элдер Сага таазим кылышат.
29Анткени падышачылык Теңирдики. Ал – бардык элдердин Эгедери.
30Жер жүзүндөгү бардык атактуу адамдар тойлошот жана табынышат. Топуракка айлана тургандар, өз өмүрүн сактап кала албай тургандар Ага таазим этишет.
31Менин тукумум Ага кызмат кылат жана түбөлүккө Теңирдики деп аталат.
32Алар келип, Теңирдин адилеттигин, иштерин кийинки муунга жарыялашат.