Забур 22:1-6 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн забуру. Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм.

2Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай аккан суу боюна алып барат.

3Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат.

4Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат.

5Сен мага душмандарымдын көз алдында дасторкон жайдың, башымды зайтун майы менен майладың. Чөйчөгүм ашып-ташып төгүлүп турат.

6Береке менен ырайым мени өмүрүмдүн аягына чейин коштоп жүрсүн, ошондо мен Теңирдин үйүндө түбөлүк болом.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>