1Дөөттүн забуру. Жер жана анда болгон бардык нерселер, аалам жана анда жашагандардын бардыгы Теңирдики.
2Анткени Ал жерди деңиздердин үстүнө негиздеп, дарыялардын үстүнө орноткон.
3Ким Теңирдин тоосуна чыга алат? Же ким Анын ыйык жеринде тура алат?
4Колу жамандыкка барбаган, жүрөгү таза, жанын жеп карганбаган, жалган ант бербеген адам гана Теңирдин батасын алат, Куткаруучу Кудайынын ырайымын көрөт.
6Сени издегендер, Сенин жүзүңдү издегендер ушундай, Жакыптын Кудайы!
7Дарбазалар, баш капкаңарды көтөргүлө, түбөлүк эшиктер, каалгаңарды ачкыла, даңк Падышасы кирсин!
8Ал даңк Падышасы ким? Ал – кудуреттүү, күчтүү Кудай, майданда күчтүү Теңир.
9Дарбазалар, баш капкаңарды көтөргүлө, түбөлүк эшиктер, каалгаңарды ачкыла, даңк Падышасы кирсин!
10Ал даңк Падышасы ким? Ал – Теңир Себайот, даңк Падышасы.