1Дөөттүн забуру. Теңир, жанымды Сенин алдыңа алып келем.
2Кудайым! Сага таянам, уятка калбайын, душмандарым мага үстөмдүк кылышпасын.
3Сенден үмүттөнгөндөрдүн баары уятка калышпасын. Мага себепсиз жамандык кылгандар уятка калышсын.
4Теңир, мага Өз жолуңду көрсөт, Өз жолуңда жүргөндү үйрөт.
5Мени Өз чындыгыңа багытта, үйрөт, анткени Сен мени куткарган Кудайсың. Ар күнү Сенден үмүттөнөм.
6Теңир, кең пейилдигиңди, кайрымдуулугуңду эсте, анткени алар түбөлүктүү.
7Менин жаш кезде кылган күнөөлөрүм менен кылмыштарымды эстебе. Мени Өзүңдүн кең пейилдигиң, ырайымдуулугуң боюнча эсте, Теңир!
8Теңир кең пейил, адилет, ошондуктан Ал күнөөкөрлөрдү түз жолго салат.
9Момундарды чындыкка бурат, момундарга Өз жолунда жүргөндү үйрөтөт.
10Теңирдин бардык жолдору – Анын келишими менен мыйзамын сактагандар үчүн ырайым жана чындык.
11Өз ысымың үчүн, Теңир, күнөөмдү кечир, анткени менин күнөөм чоң.
12Теңир Өзүнөн корккон адамга кайсы жолду тандап алууну көрсөтөт.
13Ал жыргал турмушта жашайт, тукуму жерди мурастап алат.
14Теңирдин жашыруун сыры – Кудайдан корккондорго, Ал Өзүнүн келишимин ошолорго жарыялайт.
15Менин көздөрүм дайыма Теңирде, анткени Ал буттарымды тордон чыгарат.
16Мага назар салып, ырайым кыл, анткени мен жалгызмын, кыйналдым.
17Жүрөгүмдөгү кайгы көбөйдү, мени кыйынчылыктан куткар.
18Азап тартып кыйналып жатканыма көңүл бур, бардык күнөөмдү кечире көр.
19Менин душмандарымды кара, алар канчалык көп, алар мени ушунчалык жек көрүшөт.
20Жанымды сакта, мени куткар, мен Сага таянгандыктан, эч уятка калбайм.
21Актыгым менен адилеттигим мени сактап келет, анткени мен Өзүңө таянам.
22Кудайым, Ысрайылды бардык кайгысынан куткар.