Забур 25:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн забуру. Оо Теңир, мага калыстык кыл, анткени мен айыпсызмын. Сага таянам, солк этпейм.

2Мени текшерип көр, сынап көр, Теңир. Менин ички дүйнөмдү, жүрөгүмдү эрит.

3Анткени Сенин ырайымың менин көз алдымда, ошондуктан мен Сенин чындыгың боюнча жүрдүм.

4Жалганчы адамдар менен бирге отурган жокмун, эки жүздүүлөр менен бирге жүргөн жокмун.

5Кара ниет адамдардын тобун жек көрөм, кудайсыздар менен бирге отурбайм.

6Мен өзүмдүн айыпсыздыгым менен колдорумду жууйм, Сенин курмандык чалынуучу жайыңды айланып өтүп,

7Сени даңктайм, Теңирим. Сенин кереметтүү иштериңди жарыя кылам.

8Теңирим! Мен Сенин үйүңдү жана Сенин даңкың турган жерди сүйөм.

9Менин жанымды күнөөкөрлөр менен бирге, өмүрүмдү кан ичкичтер менен бирге кыйратпа.

10Алардын колдорунда кыянаттык, алардын оң колу парага толгон.

11Мен болсо айыпсызмын, мени куткар, мага ырайым кыл.

12Менин бутум түз жолдо турат. Жыйындарда Теңирди даңктайм.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>