1Дөөттүн забуру. Теңир менин жарыгым, менин куткаруучум: кимден коркмок элем? Теңир – менин өмүрүмдүн тиреги: кимден үрөйүм учмак эле?
2Эгерде кара ниет адамдар, жоолорум, кас душмандарым менин этимди тытып жеш үчүн, мага кол сала турган болсо, анда алар өздөрү чалынып жыгылышат.
3Мага кошуун каршы чыкса да, менин жүрөгүм коркпойт. Мага каршы согуш чыкса да, Кудайга таянам.
4Теңирден мен бир гана нерсени сурадым, ошону гана издеп келем: өмүр бою Теңирдин үйүндө болгум келет, Теңирдин сулуулугун көргүм келет, Анын ийбадатканасына барып тургум келет.
5Анткени башыма мүшкүл түшкөн күнү Ал мени чатырына жашырат, Өзүнүн турагынын жашыруун жерине жашырып коёт, мени аскага чыгарып жиберет.
6Ошондо менин башым мени курчаган душмандардан жогору көтөрүлөт, мен Анын жыйын чатырына даңктоо курмандыгын алып келем, Теңирди даңазалап ырдайм.
7Теңир, Сени чакырган үнүмдү ук. Мага ырайым кыл, кулак сал.
8Жүрөгүм Сенин атыңдан: «Менин жүзүмдү издегиле», – деп жатат. Ошондуктан Сенин жүзүңдү издейм, Теңир.
9Менден жүзүңдү жашырба, ачууланып, кулуңдан баш тартпа. Менин жардам берүүчүм элең, мени четке какпа, мени таштаба, Кудайым, менин Куткаруучум!
10Анткени мени атам да, энем да таштап кетти, бирок Теңир мени кабыл алат.
11Теңир, мага Өзүңдүн жолуңда жүргөндү үйрөт, душмандарым үчүн мени чындык жолуна сал.
12Мени душмандарымдын колуна салып бербе, анткени мага жалган күбөлөр каршы чыгып, жек көрүп жатышат.
13Бирок мен Теңирдин кең пейилдигин тирүүлөрдүн жеринде көрөрүмө ишенем.
14Теңирден үмүттөн, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун, Теңирден үмүттөн.