Забур 27:1-9 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн забуру. Сага кайрылып жатам, Теңир, менин тирегим! Мага жооп бербей койбо, эгерде Сен унчукпай койсоң, анда мен көргө түшкөн адамдай болуп калам.

2Мен Сени чакырганда, Сенин ыйык ийбадатканаңа колумду сунганда, жалынган үнүмдү уга көр.

3Мени кудайсыздар менен, адилетсиз иш кылгандар менен кошо өлтүрбө, алар жакындары менен жакшы эле сүйлөшүшөт, бирок жүрөктөрүндө жамандык.

4Аларга өздөрүнүн кылган иштерине жараша, жаман иштерине жараша бер. Аларга колдору менен кылган иштерине жараша бер, аларга өздөрүнүн тиешесин бер.

5Алар Теңирдин иш-аракетине, Анын колдору кылган иштерге көңүл бурушпагандыктан, Ал аларды талкалайт, кайра тургузбайт.

6Теңирге даңк, анткени Ал менин жалынган үнүмдү укту!

7Теңир менин күчүм, коргоочу чебим. Менин жүрөгүм Ага таянгандыктан, Ал мага жардам берди, ошондо жүрөгүм кубанычка толду. Мен Аны ырым менен даңктайм.

8Теңир – Өз элинин күчү, Өзүнүн майланганынын куткара турган Коргоочусу.

9Өз элиңди куткар, Өз мурасыңа батаңды бер. Аларды кайтар, кылымдан кылымга жогору көтөр.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>