1Дөөттүн забуру. Кудайдын уулдары, Теңирди даңазалагыла, Аны даңктагыла, Ага урмат көрсөткүлө.
2Теңирдин атын даңктагыла. Теңирге Анын даңкынын улуулугу үчүн таазим кылгыла.
3Теңирдин үнү суулар үстүндө. Даңктуу Кудай күркүрөдү, Теңир көп суулардын үстүндө.
4Теңирдин үнү күчтүү, Теңирдин үнү улуу.
5Теңирдин үнү кедр жыгачтарын талкалап жатат, Теңир Лебанон кедрлерин кыйратып жатат.
6Теңир аларды букачардай секиртүүдө, ал эми Лебанон менен Сирион тоолорун жаш өгүздөй секиртүүдө.
7Теңирдин үнү чагылганды чагып чыгарып жатат.
8Теңирдин үнү чөлдү титиретип жатат. Теңир Кадеш чөлүн титиретип жатат.
9Теңирдин үнү жейрендерди боюнан бошотуп, токойлорду жылаңачтап жатат. Анын ийбадатканасында бардыгы Анын атак-даңкын даңазалап жатат.
10Теңир топон суунун үстүндө, Өз тактысында отурду, Теңир түбөлүк падыша болуп тактыга отурат.
11Теңир Өз элине күч берет. Теңир Өз элине тынчтык берип, батасын берет.