Забур 29:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн забуру. Үйдү ыйыктап жаткандагы ыр.

2Мени тургузганың үчүн, душмандарымдын мага үстөмдүк кылуусуна жол бербегендигиң үчүн, Сени даңазалайм, Теңирим.

3Теңирим, Кудайым! Өзүңдү чакырганымда, мени айыктырдың.

4Теңирим! Сен жанымды өлгөндөр жаткан жайдан алып чыктың, көргө кирбешим үчүн, мени тирилттиң.

5Теңирдин ыйыктары, Ага арнап ырдагыла, Анын ыйык ысымын даңктагыла.

6Анткени Ал көз ирмемге эле каарданат, ал эми ырайымы түбөлүк: кечинде – ый, эртең менен болсо – кубаныч.

7Мен бейкут жашап турганымда: «Эч качан мүдүрүлбөйм», – дегем.

8Теңирим, Өзүңдүн жакшы ниетиң менен тоомду бекем кылдың. Бирок жүзүңдү менден жашыргандыктан коркуп кеттим.

9Ошондо мен Сени чакырдым, Теңирим, Сага жалындым:

10«Көргө киргенде, менин канымдан кандай пайда? Топурак Сени даңктамак беле? Сенин чындыгыңды жарыяламак беле?

11Теңирим, кулак сал, ырайым кыл! Теңирим, мага жардам берүүчү бол».

12Сен менин кайгымды шаттыкка айланттың, үстүмдөгү зумбалды чечип, белимди кубаныч менен курчадың.

13Жаным Сени даңктасын, басылбасын. Теңир, Кудайым! Мен Сени түбөлүк даңктаймын.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>