1Дөөттүн өз баласы Абышаломдон качкандагы забуру.
2Оо Теңир! Душмандарым ушунчалык көбөйүп кетти! Көбү мага каршы чыгып жатат.
3Мен жөнүндө: «Кудай аны куткарбайт», – деп жатышат.
4Бирок Сен, Теңир, менин калканымсың, атак-даңкымсың, башымды көтөрө турган Сенсиң.
5Yн чыгарып, Теңирди чакырам, Ал мени Өзүнүн ыйык тоосунан угат.
6Жатсам да, уктасам да, турсам да, мени Теңир коргойт.
7Мага миңдеген элдер бардык тараптан каршы чыгышса да коркпойм.
8Теңирим, ордуңан тур! Кудайым, мени куткар! Анткени Сен гана менин бардык кас-душманымды бетке урасың, кудайсыздардын тишин талкалайсың.
9Куткарылуу Теңирден. Сенин батаң Өз элиңдин үстүндө болсун.