1Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
2Теңир, Сага таянам, эч качан уятка калбайын, мени адилеттигиң боюнча куткар.
3Мага кулак сал, мени куткарууга шашыл. Мага таштай бекем чеп бол, мени сакташ үчүн, мага баш пааналай турган үй бол.
4Анткени Сен менин аска-зоомсуң, чебимсиң. Өз ысымың үчүн мени жетеле, мени башкар.
5Мени жашыруун жайып коюшкан тордон чыгар, анткени Сен менин таянычымсың.
6Рухумду Өз колуңа тапшырам. Теңир, чындыктын Кудайы, Сен мени куткардың.
7Эч нерсеге жарабаган жалган кудайларга табынгандарды жек көрөм, бирок Теңирге таянам.
8Сенин ырайымыңа кубанам да шаттанам, анткени менин башыма түшкөн мүшкүлдү көрдүң, жанымдын кыйналганын билдиң.
9Мени душмандын колуна салып берген жоксуң, бутумду кең жерге койдуң.
10Мага ырайым кыл, Теңир, анткени кыйналып турам. Кайгыдан көздөрүм соолуп, жаным кыйналып, жүрөгүм сыздап жатат.
11Өмүрүм кайгы менен өтүп бара жатат, жылдарым онтоо менен өтүүдө. Күнөөлөрүмдүн айынан алсырап калдым, сөөктөрүм кургады.
12Бүт душмандарымдын алдында шылдың болдум, атүгүл, кошуналарыма да күлкү болдум, тааныштарымдын көздөрүнө эң коркунучтуу көрүнүп калдым. Көчөдөн көргөндөр менден качышат.
13Мен эбак өлүп калган кишидей, адамдардын эсинен чыктым, талкаланган карападай болуп калдым.
14Анткени мен көптөрдөн жаман сөз угуп жүрөм, туш-туштан коркунуч каптады. Алар топтошуп алып, мени өлтүрүү үчүн, жамандык ойлоп жатышат.
15Ал эми мен, Теңир, Сага гана таянам жана: «Менин Кудайым Сенсиң», – дейм.
16Менин күндөрүм Сенин колуңда. Мени душмандарымдын колунан, куугунтукка алгандардан куткар.
17Өз кулуңа Өзүңдүн жарык жүзүңдү көрсөт, мени Өз ырайымың менен куткар.
18Мен уятка калбайм, Теңир, анткени Сени чакырып жатам. Кудайсыздар болсо уят болушсун, алардын үнү өлгөндөр жаткан жайда басылсын.
19Адил адамдарга текебердик менен, жек көрүү менен жалаа жаап, жалган сүйлөгөндөр тилден калышсын.
20Сенде Өзүңдөн корккондор үчүн сактап койгон, адам баласынын алдында Өзүңө таянгандар үчүн даярдап койгон жакшы нерселер көп!
21Сен аларды адамдардын козголоңунан Өз жүзүңдүн астына жашырасың, аларды ачуу тилден Өз чатырыңда калкалайсың.
22Чептери бекем шаарда мага Өзүнүн кереметтүү ырайымын көрсөткөн Теңирге даңк!
23Кыйналып турганымда: «Ал мени көз алдынан четке кагып койду», – деп ойлогон элем. Бирок мен Сени чакырганда, Сен менин сыйынуумду уктуң.
24Теңирдин адил адамдары, Аны сүйгүлө. Ишенимдүүлөрдү Теңир сактайт, менменсингендердин жазасын ашыгы менен берет.
25Теңирден үмүттөнгөндөрдүн баары, кайраттуу болгула, жүрөгүңөр бекем болсун!