Забур 31:1-11 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн үйрөтүүсү. Мыйзамсыз иштери кечирилип, күнөөлөрү жабылган адам бактылуу!

2Күнөөсүн Теңир мойнуна салбаган жана куулугу жок адам бактылуу!

3Мен унчукпай койгондуктан, ар күнү кыйнала берип, денем алсырап калды.

4Анткени менин үстүмдөгү колуң күндүр-түндүр кыйнады. Кургакчылык убагындагыдай, өң-түстөн кеттим.

5Бирок мен Сага күнөөмдү ачык айттым, айыбымды жашырган жокмун: «Кылмыштарымды мойнума алып, Теңирге ачык айтайын», – дедим, ошондо Сен мени күнөөмдүн айыптоосунан куткардың.

6Ошон үчүн ар бир адил адам өз убагында Сага сыйынсын, ошондо ага суулардын ташкыны жетпейт.

7Сен менин баш паанегимсиң, Сен мени кайгыдан сактайсың, куткарылуу кубанычына бөлөйсүң.

8«Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө».

9«Баш ийдириш үчүн жүгөн, ооздук сала турган аттай, акылсыз качырдай болбогула».

10Кудайсызга көп кайгы, ал эми Теңирге таянганды ырайым курчап турат.

11Адил адамдар, Теңир менен кубангыла, көңүлүңөрдү ачкыла! Жүрөгү тазалар, шаттангыла!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>