Забур 32:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Адил адамдар, Теңир менен кубангыла! Аны мактоо адилдерге жарашат.

2Теңирди гусли чертип даңктагыла, Ага он кылдуу арфа чертип ырдагыла.

3Ага арнап жаңы ыр ырдагыла, Ага кубаныч менен уккулуктуу ырдагыла.

4Анткени Теңирдин сөзү чындык, Анын бардык иштери туура.

5Ал акыйкаттык менен адилеттикти сүйөт. Жер жүзү Теңирдин ырайымына толгон.

6Теңирдин сөзү менен асман, деми менен бардык асман күчтөрү жаралган.

7Ал деңиз сууларын үймөктөй чогултту, түпсүз туңгуюктарды сактагычтарда сактады.

8Бүт жер жүзү Теңирден корксун. Ааламда жашагандардын баары Анын алдында титиреп турсун.

9Ал эмне айтса, айтканындай болду; Ал эмне буйруса, буйруганындай болду.

10Теңир бутпарастардын кеңешин бузат, элдердин ойлорун жок кылат.

11Ал эми Теңирдин кеңеши түбөлүктүү; Анын жүрөгүндөгү ойлор укумдан-тукумга кетет.

12Теңир кайсы элдин Кудайы болсо, ошол эл бактылуу; Ал кайсы урууну Өзүнө мурас кылып тандап алса, ошол уруу бактылуу.

13Теңир асмандан карап, бүткүл адам баласын көрүп турат.

14Ал Өзү отурган тактыдан жерде жашагандардын баарын көрүп турат.

15Ал алардын бардыгынын жүрөгүн жараткан, алардын бардыгынын иштерин билет.

16Падыша сансыз аскери менен куткарыла албайт; алпты зор күчү сактай албайт.

17Куткарат деп, атка ишенүүгө болбойт, ал өзүнүн чоң күчү менен да куткара албайт.

18Мына, Теңирдин көзү Өзүнөн корккондордун жана Өзүнүн ырайымына таянгандардын үстүндө.

19Теңир алардын жанын өлүмдөн сактап каларына, ачарчылык убагында тойгузарына ишенишет.

20Жаныбыз Теңирге таянат. Ал биздин жардам берүүчүбүз, калканыбыз.

21Аны менен жүрөгүбүз кубанат, анткени биз Анын ыйык ысымына таянабыз.

22Сага таянгандыктан, ырайымың биздин үстүбүздө болсун, Теңир.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>