Забур 33:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Абы-Мелектин алдында келесоо болумуш болуп, андан кутулгандагы Дөөттүн забуру.

2Теңирди ар убакта мактаймын, оозумдан түшүрбөй даңктаймын.

3Жаным Теңир менен мактанат, аны момундар угуп кубанат.

4Мени менен бирге Теңирди мактагыла, Анын ысымын баарыбыз бирге даңазалайлы.

5Мен Теңирди издедим, ошондо Ал мени угуп, бардык коркунучтан куткарды.

6Ага кайрылгандардын көздөрү ачылды, алар уятка калышпайт.

7Азап чегип жаткан адам чакырганда, Теңир угуп, аны бардык азаптарынан куткарды.

8Теңирдин периштеси Кудайдан корккондорду курчап турат, аларды куткарат.

9Татып көргүлө, ошондо Теңирдин кандай жакшы экенин көрөсүңөр! Теңирге таянган адам бактылуу!

10Теңирден корккула, Кудайдын ыйыктары, анткени Кудайдан корккондор эч нерсеге муктаж болушпайт.

11Жаш арстандар жокчулуктун каарын тартып, ачка калышат, ал эми Теңирди издегендер эч бир жакшы нерседен кур калышпайт.

12Келгиле, балдарым, мени уккула. Силерге Теңирден коркууну үйрөтөм.

13Эгерде адам жашагысы келсе, жыргал турмушту көрүп, узак өмүр сүргүсү келсе,

14анда тилин жаман сөздөн, оозун жалган сөздөн сактасын.

15Жамандыктан баш тартып, жакшылык кыл. Тынчтыкты издеп, ошого умтул.

16Теңирдин көздөрү адил адамдарды көрүп турат, кулагы алардын зар-муңун угат.

17Бирок Теңирдин жүзү жамандык кылгандарга каршы, алардын ысымын жер үстүнөн биротоло өчүрөт.

18Адил адамдар чакырганда, Теңир аларды угуп, бардык кыйынчылыктарынан куткарат.

19Теңир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын, моюн сунгандарды куткарат.

20Адил адамдын кайгысы көп, бирок Теңир аны бардык кайгысынан куткарат.

21Ал анын бардык сөөктөрүн сактайт, бир да сөөгү сынбайт.

22Күнөөкөрдү жамандык өлтүрөт, адил адамды жек көргөндөр ойрон болушат.

23Теңир Өз кулдарынын жанын куткарат, Ага таянгандардын бири да өлбөйт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>