1Дөөттүн забуру. Теңир, мени менен күрөшкөндөр менен күрөш, мени менен согушкандар менен согуш.
2Калкан, соот алып, мага жардамга кел.
3Кылычыңды кынынан сууруп, мени кууп келе жаткандардын жолун торо. Менин жаныма: «Сенин куткаруучуң Менмин!» – деп айт.
4Мени өлтүргүсү келгендер уятка калышсын, шылдың болушсун. Мага жамандык каалагандар артына качып, абийири төгүлсүн.
5Алар шамал сапырган самандай болушсун, Теңирдин периштеси аларды кууп жиберсин.
6Алардын жолу караңгы жана тайгак болсун, Теңирдин периштеси аларды куугунтуктасын.
7Анткени алар мага себепсиз ор казышкан, тор жайышкан. Менин айыпсыз жаным үчүн көр казышкан.
8Ага күтүлбөгөн өлүм келсин, мага жашыруун жайган торуна өзү түшсүн, торуна өзү түшүп өлсүн.
9Ал эми менин жаным Теңир менен кубанат, Анын куткарганына шаттанат.
10Менин бүт сөөктөрүм: «Теңир! Күчсүздү күчтүүдөн сактаган, жарды менен жакырды каракчыдан куткарган Сендей ким бар?» – дейт.
11Жалган күбөлөр мага каршы чыгышты: мен билбегендерди сурап, суракка алышты.
12Жакшылыгым үчүн алар мага жамандык кылып, жанымды жалгызсыратышты.
13Мен алар ооруп жатканда, зумбал кийип, өз жанымды орозо кармап кыйнадым, башымды көтөрбөй, кайра-кайра сыйындым.
14Аларга досумдай, бир тууганымдай мамиле кылдым. Энесине аза күткөн адамдай кайгыга батып, башымды шылкыйтып жүрдүм.
15А мен мүдүрүлүп кеткенде, алар кубанып, топтошо калышты; мени тилдегендер мага каршы чогулушту, мени эмне үчүн токтоосуз кордоп жатышканын билбейм.
16Алар эки жүздүүлөнүп, мени шылдыңдап, тиштерин кычыратышты.
17Теңир! Муну качанга чейин карап тура бересиң? Жанымды алардын кыянаттыгынан куткар, жалгыз жанымды арстандардын азуусунан куткар.
18Мен Сени чоң жыйында даңктайм, өтө көп элдин ортосунда даңазалайм.
19Мага себепсиз кас болуп жүргөндөр мени табалап карап турушпасын, мени айыпсыз жек көргөндөр табалап, бири-бирине көз кысышпасын.
20Анткени алар тынчтык жөнүндө сүйлөшүп жатышкан жок, тескерисинче, жерде тынч жашагандарга жамандык кылууну ойлонуштуруп жатышат.
21Мени карап алып: «Ии-и! Ии-и! Өз көзүбүз менен көрүп жатабыз!» – деп табалап жатышат.
22Сен муну көрдүң, Теңир, унчукпай койбо. Менден алыстаба, Теңир.
23Кудайым, Теңирим, ордуңан тур, мени актоо үчүн, мени коргоо үчүн ойгон!
24Мени Өзүңдүн акыйкаттыгың менен акта, Теңирим, Кудайым, алар мени табалашпасын.
25Өз ичтеринен: «Ырас болду! Табабыз канды!» – дешпесин. «Биз аны жуттук», – дешпесин.
26Башыма кыйынчылык түшкөнүнө табасы канып кубангандар уятка калышсын, шылдың болушсун. Мага менменсингендердин абийири төгүлсүн, уят болушсун.
27Менин акталышымды каалагандар кубанып, салтанат куруп, тынбай: «Өз кулуна тынчтык каалаган Теңир даңазалансын!» – дешсин.
28Менин тилим Сенин чындыгыңды жар салып, ар күнү Сени даңазалайт.