Забур 35:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Теңирдин кулу Дөөттүн забуру.

2Кудайсыздын мыйзамсыздыгын көрүп, ичимен: «Анын көздөрүндө Кудайдан коркуу деген жок», – дедим.

3Анткени ал өзүнүн мыйзамсыздыгын жек көргөндөй, аны мойнуна алгысы келгендей түр көрсөтөт.

4Анын оозунан чыккан сөздөр – жалган жана амалкөйлүк. Ал акылына келгиси келбейт, жакшылык кылгысы келбейт.

5Ал төшөгүндө жатып да жамандык ойлойт, жаман ишке барат, мыйзамсыздык кылуудан жийиркенбейт.

6Теңир! Сенин ырайымың асманга чейин жетет, Сенин ишенимдүүлүгүң булуттарга чейин жетет!

7Сенин адилеттигиң улуу тоолордой, чечимдериң – түпсүз тереңдик. Адамдарды да, жаныбарларды да сактап турган бир Өзүңсүң, Теңир!

8Ырайымың кандай кымбат, Кудайым! Адам баласы Сенин канаттарыңдын далдаасынан баш паанек табат.

9Алар Сенин үйүңдөгү майларга тоюшат, аларды Өзүңдүн таттуу сууларыңа кандырасың.

10Анткени өмүрдүн булагы Сенде. Биз Сенин жарыгыңдан жарык көрүп турабыз.

11Сени билгендерге Өзүңдүн ырайымыңды, жүрөгү тазаларга Өз адилеттигиңди көрсөтө бер.

12Мени текебердин буту тебелебесин, күнөөкөрдүн колуна түшпөйүн.

13Ал жерде мыйзамсыздык кылгандар кулап түшүштү, алар эми кайра тура алышпайт!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>