Забур 36:1-40 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн забуру. Зулумдарга ачууланба, мыйзамсыз иш кылгандарга суктанба.

2Анткени алар тез эле чөптөй куурашат, көк чөптөй соолушат.

3Теңирге таян, жакшылык кыл, жер үстүндө жаша, чындыкты сакта.

4Теңир менен кубан, ошондо Ал жүрөгүңдөгү каалоолорду ишке ашырат.

5Теңирге өз жолуңду тапшыр, Ага таян, ошондо Ал ишке ашырат.

6Чындыгыңды жарыктай, адилеттигиңди чак түштө тийген күндөй кылат.

7Теңирди унчукпай күт, Андан үмүттөн. Өз жолунда ийгиликке жеткен, арам ойлорун ишке ашырган адамга атаандашпа.

8Ачууңду токтот, кыжырланба. Жамандык кылганга чейин барбаш үчүн, атаандашпа.

9Анткени жамандык кылгандар кырылышат, ал эми Теңирден үмүттөнгөндөр жерди мураска алышат.

10Бир аз убакыт өткөндөн кийин кудайсыз жок болот, анын ордун карап, таппай каласың.

11Ал эми момундар жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат.

12Кудайсыз адам адил адамга жамандык издеп, тиштерин кычыратып турат.

13Теңир болсо ага күлөт, анткени Ал анын күнү жакын калганын көрүп турат.

14Кудайсыздар жарды менен жакырды кулатуу үчүн, түз жолдо бара жаткандарды өлтүрүү үчүн, кылычтарын кындан сууруп, жааларын атууга даярдап турушат.

15Алардын кылычы өздөрүнүн жүрөгүнө сайылат, жаалары сынат.

16Адил адамдын аз нерсеси кудайсыздардын сансыз байлыгынан артык.

17Анткени кудайсыздардын күчү талкаланат, ал эми адил адамдарды Теңир колдойт.

18Теңир күнөөсүздөрдүн күндөрүн билет, алардын байлыгы түбөлүк турат.

19Алар оор күндөрү уятка калышпайт, ачарчылык күндөрү ток болушат.

20Ал эми кудайсыздар өлүшөт, Теңирдин душмандары козунун майындай жок болот, түтүндөй тарап кетет.

21Кудайсыз карыз алат, бирок кайрып бербейт, ал эми адил адам ырайым кылат жана берет.

22Анткени Кудайдын батасын алгандар жерди мурастап калышат, ал эми Анын каргышына калгандар кырылып жок болушат.

23Эгерде адамдын жолу Теңирге жакса, Ал аны бекемдейт.

24Ал жыгылып бара жатса да, кулабайт, анткени Теңир аны колунан кармап турат.

25Мен жаш болгом, эми карыдым, бирок адил адамды Кудай таштап койгонун же анын балдарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун.

26Адил адам ар күнү боор ооруп, карыз сурагандарга берет, ошондуктан анын укум-тукуму бата алат.

27Жамандыктан кач, жакшылык кыл, ошондо түбөлүк жашайсың.

28Анткени Теңир чындыкты сүйөт, Өзүнүн ыйыктарын таштабайт. Алар түбөлүк сакталышат, ал эми кудайсыздардын тукуму кырылып жок болот.

29Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат.

30Адил адамдын оозунан акылдуу сөздөр чыгат, тили чындыкты сүйлөйт.

31Кудайдын мыйзамы анын жүрөгүндө, анын буттары тайыбайт.

32Кудайсыз адам адил адамдын артынан аңдып, аны өлтүрүүнүн жолун издейт.

33Бирок Теңир адил адамды анын колуна бербейт, ал соттолуп жатканда, анын айыпталуусуна жол бербейт.

34Теңирден үмүт кыл, Анын жолунан чыкпа. Ошондо жерди мурастап калышың үчүн, Ал сени сактап жүрөт. Кудайсыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң.

35Мен мыйзамсыз, зулум адамды көрдүм, ал тамырын жайган бутактуу дарактай эле.

36Бирок ал өтүп кеткен, эми ал жок. Аны издедим, бирок таппай койдум.

37Күнөөсүз адамды байкап жүр, адил адамды карап жүр, анткени андай адамдын келечеги – тынчтык.

38Ал эми мыйзамсыздардын баары кырылат, кудайсыздардын келечеги ойрон болот.

39Адил адамдардын куткарылышы Теңирден, кайгы учурунда Теңир алардын коргоочусу.

40Теңир аларга жардам берет, аларды куткарат. Аларды кудайсыздардан куткарып алат, аларды сактап калат, анткени алар Теңирге таянышат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>