Забур 37:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн забуру. Эске түшүрүү үчүн.

2Теңир! Мени каарданып ашкерелебе, ачууланып жазалаба.

3Анткени Сенин жебелериң денеме сайылып турат, Сенин менин үстүмдөгү колуң оор болуп жатат.

4Сенин каарыңдан денемдин бир да соо жери жок. Күнөөлөрүмдүн айынан сөөктөрүмдө тынчтык жок.

5Анткени мыйзамсыз иштерим башымдан ашып, оор жүк сыяктуу мага салмагын салып турат.

6Акылсыздыгымдан жараларым ириңдеп, сасып жатат.

7Бүкүрөйүп, таптакыр башымды көтөрө албай калдым, таңдан кечке кайгы тартып жүрөм.

8Анткени ичим толтура илдет, денемдин соо жери жок.

9Алсырап, аябай кыйналып жатам, жүрөгүм сыздагандан кыйкырып жатам.

10Теңир! Менин каалоомдун баары Өзүңө белгилүү, менин онтогонум да Сенден жашыруун эмес.

11Жүрөгүм титиреп жатат, күчүмдү жоготтум, көзүм да тунарып калды.

12Досторум менен санаалаштарым илдетимди көрүп, менден оолактап калышты, жакындарым да алыс турушат.

13Мени өлтүргүсү келгендер болсо торлорун жайып жатышат, мага жамандык каалагандар мени өлтүрүү жөнүндө сүйлөшүп жатышат, ар күнү айла-амал ойлоп жатышат.

14Ал эми мен дүлөйгө окшоп эч нерсе укпайм; дудукка окшоп оозумду ачпайм.

15Кулагы укпаган, оозунда жообу жок адамга окшоп калдым.

16Анткени мен Сенден үмүттөнөм, Теңир. Сен мага жооп бересиң, Теңирим, Кудайым менин.

17«Душмандарым мени көрүп кубанышпасын. Бутум шилтенбей калса, алар мага кыйынсынышат», – дедим.

18Анткени жыгылганы калдым, жаным кыйналып турат.

19Мен өз айыбымды мойнума алам, күнөөм үчүн кайгырып жатам.

20Душмандарым болсо жашап жүрүшөт, күч алып жатышат, мени себепсиз эле жек көргөндөр көбөйүп жатат.

21Менин жакшылыгыма жамандык кылгандар да жакшы нерсеге умтулганым үчүн, мага каршы чыгып жатышат.

22Теңирим, Кудайым, мени таштаба, менден алыстаба.

23Мага жардам берүүгө шашыл, Теңирим, менин Куткаруучум!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>