Забур 38:1-14 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысы Жедутунга. Дөөттүн забуру.

2«Тилим менен күнөөгө батпаш үчүн, өз жолдорумду байкап жүрөйүн. Кудайсыз жанымда турганда, оозумду ооздуктайын», – дедим.

3Мен дүлөй да, дудук да болдум, жакшылык жөнүндө да ооз ачпас болдум; азабым артты.

4Көөдөнүмдө жүрөгүм жалындап, оюмда от чыкты. Тилим ошондо сүйлөй баштады:

5айтчы, Теңирим, мен качан өлөм, канча күнүм калды, канча күнүм калганын, канча жашарымды билейин.

6Сен мага бир сөөм өмүр бердиң, менин өмүрүм Сенин алдыңда эч нерсе эмес. Чын эле, ар бир адамдын жашоосу курулай убаракерчилик экен.

7Чын эле, адам элес сыяктуу жүрөт, бекер түйшүк тартат, дүнүйө жыйнайт, анысы кимге каларын билбейт.

8Мен эми эмнени күтмөк элем, Теңир? Менин үмүтүм бир Өзүңдө.

9Мени мыйзамсыз иштеримдин баарынан куткар, мени акылсыздарга кордотпо.

10Мен дудук болуп калдым, ооз ачпайм, анткени Сен ушундай кылдың.

11Соккуларыңды токтот, Сенин колуңдун соккусунан мен жок болуп бара жатам.

12Сен адамды күнөөсү үчүн жазалап, башына кыйынчылык саласың, анын көркү күбө жегендей күбүлөт. Ар бир адамдын жашоосу – курулай убаракерчилик!

13Менин сыйынуумду ук, Теңир, Менин ыйыма кулак сал. Менин көз жашымды көрүп унчукпай койбо. Анткени мен Сенин жолоочуңмун, өзүмдүн ата-бабаларымдай эле келгинмин.

14Мени кыйнаба, көзүм жумулуп дүйнөдөн өткүчө, күчкө толуп алайын.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>