1Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Дөөттүн забуру.
2Мен чакырганда, үнүмдү ук, мени актоочу Кудай! Кысталыштарда Сен мага эркиндик берип тургансың. Мага ырайым кыл, сыйынуумду ук.
3Адам балдары! Качанга чейин менин даңкым шылдың боло берет? Качанга чейин убаракерчиликти сүйө бересиңер? Качанга чейин жалганды издей бересиңер?
4Теңир Өзү үчүн Өзүнүн ыйыгын бөлүп койгонун билип койгула. Мен Теңирди чакырганда, Ал мени угат.
5Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: төшөктө жатканыңарда ойлонуп сабыр кылгыла.
6Чындык курмандыгын чалгыла, Теңирге таянгыла.
7Көп адамдар: «Бизге ким жакшылык кылат?» – дешет. Теңир, бизге Өз жүзүңдүн жарыгын көрсөт.
8Алардын жээр наны, ичээр шарабы арбыган мезгилден бери, Сен менин жүрөгүмдү кубанычка бөлөдүң.
9Мен тынч жатып, тынч уктайм, анткени мага коопсуз жашоо берген бир Өзүңсүң, Теңир.