1Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарынын үйрөтүүсү.
2Бугу тунук суунун башатын эңсегендей, менин жаным да эңсейт Сени, Кудайым!
3Менин жаным күчтүү, тирүү Кудайды каалайт: Кудайдын алдына качан барып турам?
4Ар күнү мага: «Сенин Кудайың кана?» – дешкенде, көзүмдүн жашы мен үчүн күнү-түнү нан ордуна болгон.
5Ал жөнүндө эстеп, ички сырымды айтып жатам, анткени мен көп эл менен, майрамдап жаткан топ эл менен бирге Кудайды даңктап, Кудайдын үйүнө кубаныч менен кирчү элем.
6Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм.
7Жаным кыйналып, мен Сени Иордан жеринен, Хермондон, Митсар тоосунан эстеп жатам.
8Сенин шаркыратмаларыңдын үнү менен туңгуюк туңгуюкту чакырат. Сенин бардык сууларың менен толкундарың үстүмдөн өттү.
9Күндүз Теңир Өзүнүн ырайымын көрсөтөт, түн ичинде мен Ага ыр арнаймын, өмүрүмдүн Кудайына сыйынам.
10Өзүмдүн коргоочума, Кудайыма, мындай деп айтам: «Эмне үчүн мени унуттуң? Эмне үчүн мен душмандарыма кордолуп, кыйналып жүрөм?»
11Душмандарым мени шылдыңдап, күн сайын мага: «Кудайың кана?» – деп айтышканда, сөөктөрүмдү сындырып жатышкансыйт.
12Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм.