Забур 42:1-5 KYB2004 - Bible AI

1Мага акыйкаттык кыл, Кудайым, кара ниет эл менен болгон ишиме кийлигиш. Мени адилетсиз, амалкөй адамдан куткар.

2Анткени Сен мага күч бере турган Кудайсың. Эмнеге Сен мени таштап салдың? Эмне үчүн мен душмандарыма кордолуп, кыйналып жүрөм?

3Өз жарыгың менен чындыгыңды жибер. Алар мени жетектеп, Сенин ыйык тооңо, Сен жашаган жерге алып барышсын.

4Ошондо мен Кудайдын курмандык чалынуучу жайына, мага кубаныч, шаттык берген Кудайыма келем; гусли чертип, Сени даңктайм, Кудай, менин Кудайым!

5Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>