1Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарынын үйрөтүүсү.
2Кудай, Сенин мурунку заманда, ата-бабаларыбыздын убагында эмне кылганыңды бизге ата-бабаларыбыз айтып беришкен, биз өз кулагыбыз менен укканбыз.
3Сен Өз колуң менен элдерди талкаладың, аларды болсо жайгаштырдың. Урууларды талкалап, кууп чыгардың.
4Анткени алар жерге өз кылычы менен ээ болушкан жок, аларды өздөрүнүн күчү куткарган жок, тескерисинче, аларды Сенин оң колуң, Сенин күчүң, Сенин жүзүңдүн жарыгы куткарды, анткени Сен аларга ырайым кылдың.
5Кудайым, Сен Өзүң менин Падышамсың! Жакыпты куткар.
6Биз Сени менен душмандарыбызды сүзөбүз, Сенин ысымың менен бизге каршы чыккандарды тебелейбиз.
7Анткени мен өзүмдүн жаама да таянбайм, мени кылычым да куткарбайт.
8Бирок Сен бизди душмандарыбыздан куткарасың, бизди жек көргөндөрдү уят кыласың.
9Кудайды күн сайын мактайбыз, Сенин ысымыңды түбөлүк даңктайбыз.
10Бирок Сен азыр бизди таштап койдуң, уятка калтырдың, биздин аскерлер менен бирге чыкпай жатасың.
11Бизди душмандарыбыздан качууга мажбур кылдың, жек көргөндөр бизди талап-тоноп жатышат.
12Бизди койлордой кылып жеш үчүн салып бердиң, бизди элдер арасына чачып жибердиң.
13Өз элиңди өтө арзан сатып жибердиң, анын баасын көтөргөн жоксуң.
14Бизди коңшуларыбызга шылдың кылдырдың, тегерегибизде жашагандарга күлкү кылдың, кордоттуң.
15Сен бизди эл арасында ылакап кылдың, бөтөн элдер баштарын чайкап, бизди күлкү кылышат.
16Күн сайын шылдың болом, уялганымдан бетим кызарат.
17Кордоочулар менен ушакчылардын сөздөрүнөн, душмандарым менен өч алуучулардын көздөрүнөн уялганымдан бетим кызарат.
18Ушунун баары башыбызга түштү, бирок биз Сени унуткан жокпуз, Сенин келишимиңди бузган жокпуз.
19Сен бизди чөөлөр жашаган жерде талкалаганда, бизге өлүм көлөкөсүн түшүргөндө,
20жүрөгүбүз артка бурулган жок, буттарыбыз Сенин жолуңдан чыккан жок.
21Эгерде биз өз Кудайыбыздын ысымын унутуп койсок, колубузду башка кудайга сунсак,
22Кудай бизди ушул үчүн жазалабай коймок беле? Анткени Ал жүрөктөгү сырларды билет.
23Сен үчүн бизди күн сайын өлтүрүп жатышат. Биз алар үчүн мууздала турган койлор сыяктуубуз.
24Ордуңан тур, Теңир, эмнеге уктап жатасың, ойгон! Бизден биротоло баш тартып кетпе.
25Эмне үчүн сен бизден Өз жүзүңдү жашырып жатасың? Эмне үчүн биздин кайгыбызды, эзилгенибизди унутуп жатасың?
26Анткени биздин жаныбыз топурактай тебеленди, ичибиз топуракка жабышып калды.
27Бизге жардамга кел, Өз ырайымың үчүн бизди куткар.