1Ырчылар тобунун башчысына. Шошаним күү аспабы менен. Корактын уулдарынын үйрөтүүсү. Сүйүү ыры.
2Жүрөгүмдөн жакшы сөз төгүлдү. «Менин ырым Падыша жөнүндө. Тилим – тез жазуучунун калеми».
3Сен адам баласынын эң сулуусусуң. Сенин оозуңдан ырайым төгүлүп турат, ошондуктан Кудай Сага түбөлүк батасын берген.
4Өз кылычыңды белиңе байла, Кудуреттүүм, даңкың менен, сулуулугуң менен курчан.
5Өзүңдүн ушул жасалгаң менен шашыл, чындык, момундук жана адилеттик үчүн Өз арабаңа отур. Ошондо оң колуң Өзүңө кереметтүү иштерди көрсөтөт.
6Сенин жебелериң курч. Элдер Сенин алдыңа жыгылышат. Жебелер Падыша душмандарынын жүрөктөрүн тешип өтөт.
7Кудайым, Сенин тактың түбөлүктүү. Адилеттик таягың – падышачылык бийлигиңдин таягы.
8Сен чындыкты сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көрдүң, ошондуктан Кудай, Сенин Кудайың, жолдошторуңа караганда Сени кубаныч майы менен көбүрөөк майлаган.
9Бүт кийимиң мирра, алой, касия жыттанат. Пил сөөгүнөн жасалган ак сарайларда лира чертип, Сенин көңүлүңдү ачышат.
10Падышалардын кыздары Сенин ардактуу меймандарыңдын арасында. Сенин оң жагыңда Опир алтынынан кийим кийген ханыша турат.
11Ук, бийкеч, кара, кулак сал, өз элиңди, атаңдын үйүн унут.
12Падыша сенин сулуулугуңду көргүсү келет, анткени Ал сенин Теңириң, сен да Ага таазим кыл.
13Тирдин кызы да белектери менен, элдин эң байлары да тартуулары менен Сага таазим кылышат.
14Падыша кызынын бүт даңкы өзүнүн ичинде. Кыздын кийимдери чылк алтындан тигилген.
15Түркүн түстүү кийим кийген аны Падышага алып келишет, артынан курбу кыздарын алып келишет.
16Аларды кубаныч менен, салтанат менен алып келишет да, Падышанын сарайына киргизишет.
17Сенин ата-бабаларыңдын ордунда уулдарың болот. Аларды Сен бүт жер жүзүнө төрө кылып коёсуң.
18Сенин ысымыңды укумдан-тукумга өчпөс кылам, ошондуктан элдер Сени кылымдан кылымга даңкташат.